Ай - Жердин жалгыз табигый жандоочусу, Жерге жакын жайгашкан асман телосу. Ар бир жылга, ар бир айга өз-өзүнчө ат берилип, ошонун негизинде кыргыздын улуттук календары жаралган. Айдын жаңырышынан арабча календарь түзүлгөн. Бул календарь менен ата-бабаларыбыз адам жашын аныктап, жыл сүрүп, ай-жылды аныктап жана орозо тутуп келишкен.