|
В категории материалов: 39 Показано материалов: 31-39 |
Страницы: « 1 2 3 4 |
Сортировать по:
Загрузкам
Жалпы түрк жана монгол тилдеринин генетикалык тектештигине байланыштуу болгон орток лексикадан башка да кыргыз тилинин сөздүк курамында монгол тилинен келип кирген сөздөрдүн да бар экендигин көрөбүз. Мындай сөздөргө алтын, аяк, аймак, бараан, туулга, канчык, шыраалжын, талкуу, унаа, келегей, салаа, керээз, кылжыр, таар, босого, кыргоол, кулан жана башкаларды көрсөтүүгө болот... |
Неологизмдер көптөн бери эле окумуштуулардын көңүлүн өзүнө буруп келгендиги жалпыбызга маалым. Ошондой болсо да, кыргыз тилинин неологизмдери башкаларга салыштырмалуу, кечирээк изилдене баштады. |
«Язык по природе экономен в средствах» - деп белгилүү орус тилчиси П.М.Пешковский таасын белгилеп кеткен. |
Макалдардагы антонимдик катыштагы сөздөрдүн тыбыштык окшош формалары дабыш кооздугун пайда кылат, кабыл алууда уккулуктуулукту камсыздайт. Буга чейин эле проф. Т.Аширбаевдин «Кыргыз тилинин стилистикасы» аттуу эмгегинде көркөм кептин, анын ичинде макалдардын материалдарында тыбыштардын үндөшүүлөрү дабыш кооздугун, угумдуулукту, ыргакты ж.б. жаратары талдоого алынып, белгиленген... |
Кыргыз эл макалдары жөнөкөй жана кошмо сүйлөм түзүлүшүндө келип, ар кыл синтаксистик конструкцияларда, формаларда уюшулат. Алардын ичинде антонимдер аркылуу уюшулган кошмо сүйлөм түзүлүшүндөгү макалдар абдан кеңири учурайт:.. |
Макалада тил таануу илиминин бир тармагы болгон лингвостатикалык изилдөөлөрдүн математикалык статистиканын жардамы менен изилдениши каралган. |
Бул макалада биз немец жана кыргыз тилинин ыңгайларынын ичинен немец тилинин коньюнктивине токтолуп, кыргыз тилинде ага туура келген ыңгайлардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын салыштырып өтөбүз. С. Давлетов жана С. Кудайбергенов «Азыркы кыргыз тили» эмгегинде ыңгайга төмөнкүдөй аныктама берген: «Кыргыз тилинде ыңгай кыймыл, аракеттин чындыкта аткарылышына болгон катышын билдирет. Кыймыл,аракеттин катышы сүйлөөчү тарабынан белгиленет» [1]. |
Арийне, тил коомдук коммуникацияда универсалдуу каражат жана курал катары кызмат кыларын эч ким жокко чыгара албайт. Бирок ошол эле учурда адамдар ортосундагы алака-мамиле, баарлашууда тилдик (вербалдык) эмес каражаттар, ыкмалар да бар экени маалым. Алар башка семиотикалык системаларга тиешелүү болуп саналып, вербалдык каражат-ыкмаларды толуктап, тактап, алар менен тең катар, а түгүл кээде вербалдык каражаттарсыз деле колдонулат. |
«Катыштык сын атоочтор бир затты башка бир затка, орунга, мезгилге ж.б. мамилесине ылайык аныктайт. Бул үчүн катыштык сын уңгуга ар кандай сөз жасоочу мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу ар түрдүү сөз түркүмдөрүнөн жасалат. Демек, катыштык сындын мааниси уңгу менен ага жалганган мүчөнүн маанисине байланыштуу түшүндүрүлөт. Мисалы: жазгы жумуш (мезгилдик өзгөчөлүгүнө ылайык аныкталды), айылдык адам (орундук өзгөчөлүгүнө ылайык аныкталды). |
| |
Поиск в Корпоративном Репозитории Авторефератов Диссертаций |
|
Ссылки |
|
Статистика |
|
|