НАУЧНАЯ БИБЛИОТЕКА ИГУ Среда, 06.07.2022, 05:38

Приветствую Вас Гость | RSS
Главная страница | Каталог файлов | Регистрация | Вход
Меню

Категории каталога
№ 11 / 2007 [67] № 14 / 2008 [62]
№ 20 / 2011 [50] № 23 / 2013 [39]
№ 24 / 2013 [52] № 27 / 2014 [45]

Наш опрос
    
Приходя в читальный зал, на абонемент стараетесь ли Вы попасть к определенному библиотекарю?
  
javascript:; javascript:;
  
Всего ответов: 26

  

Начало » Труды преподавателей » Журнал "Кыргыз тили жана адабияты" » № 24 / 2013

В категории материалов: 52
Показано материалов: 31-40
Страницы: « 1 2 3 4 5 6 »

Сортировать по: Загрузкам
Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрүнүн ичинен зат атоочтор, этиш сөздөр менен катар, сөздүк курамы жана семантикасы жагынан өтө бай, грамматикалык категориялары да өтө татаал, ар түрдүү. Антонимдердин жаралышында зат атоочтор маанилүү ролду ойнойт.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 314 | Загрузок: 187 | Добавил: kytman | Дата: 22.11.2013

Таржыма ишке ашырылып бүткөндөн кийин дагы аны котормо тилге ылайыктоо, норма-узустук талаптарга ылайык иштеп чыгуу иштери да аткарыла тургандыгын билебиз. Макалада котормо текстти иштеп чыгуунун адаптация, стилдик жактан иштеп чыгуу, тандап которуу, авторлошкон котормо, резюмелөөчү котормо сыяктуу түрлөрү теориялык жактан иликтөөгө алынды.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 349 | Загрузок: 350 | Добавил: kytman | Дата: 22.11.2013

Котормо теориясында котормонун түрлөрү туурасында сөз козголгондо, жалпысынан, көркөм котормо жана техникалык котормо деген классификация менен гана чектелип жүрөбүз. Бирок коомдук турмуштун түрдүү тармактарында оозеки котормо менен жазма котормолордун көптөгөн башка түрлөрү дагы эки тилдин чегиндеги тилдик карым-катышты жүзөгө ашыруу кызматын аткарат. Котормону түрлөргө ажыратуу маселеси которуу стратегиясын тандап алуунун теориялык жана практикалык маселелеринин изилденишинде актуалдашарын белгилөөгө болот.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 572 | Загрузок: 224 | Добавил: kytman | Дата: 22.11.2013

Объективдүү чындыктын конкреттүү көрүнүшү катары тил тынымсыз өсүп-өнүгүүдө болот. Тилдин башка деңгээлдерине караганда адамдардын өндүрүштүк практикасы менен тикеден-тике катышта болгон сөздүк курам өзгөчө өзгөрмөлүү келет. Ал адамдардын өз ара катышуу талабын камсыз кылуу үчүн дайыма жаңы сөздөр менен толукталып турса, ошону менен бирге пикир алышууда зарыл болбой калган учурда пассивге айланышы – мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргыз тилиндеги неологизмдер жөнүндө сөз кылуудан мурда неологизмдер жөнүндөгү түшүнүктү, анын элементтерин, чектерин жана адабий тилдин жалпы лексикасынын ичинен алган ордун тактап алуубуз керек.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 2050 | Загрузок: 359 | Добавил: kytman | Дата: 22.11.2013

Макалада «Манас» эпосунун лексикалык курамындагы алтай дооруна мүнөздүү деп эсептелинген бир-эки муундуу тубаса сөздөр морфемалык деңгээлде каралат.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 392 | Загрузок: 150 | Добавил: kytman | Дата: 22.11.2013

Бул макалада окумуштуулардын алтай бүлөсүндөгү тилдердин алыс-жакындыгы жана алтай доорунун болжолдуу мезгилдик алкагы тууралуу сунушталган негизги ой-пикирлери эске алынып, алтай доорунда пайда болуп-калыптанган азыркы кыргыз тилиндеги айрым сөздөр «Манас» эпосунун лексикалык курамында жолуккан сөздөрдүн мисалында алтай тилдеринин материалдарына салыштырылып иликтенет.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 395 | Загрузок: 175 | Добавил: kytman | Дата: 21.11.2013

Терминдердин негизги өзгөчөлөрү илим үчүн, анын эрежелерин, мыйзамдарын, аныктамаларын айырмалап атоодо зор мааниси бар жана өтө зарыл.
Терминдердин пайда болушу жана өнүгүшү ар бир илимдин, техниканын, экономиканын жана өндүрүш тармагындагы жылыштарга байланыштуу болот. Жаңы илимий-техникалык, экономикалык ж.б. түшүнүктөрдүн пайда болушу менен дароо бир мезгилде аларды атоо үчүн терминдер пайда болуп турат да, кандайдыр бир өлчөмдө ар бир илимдин деңгээлин да чагылдырат.
№ 24 / 2013 | Просмотров: 1594 | Загрузок: 381 | Добавил: kytman | Дата: 21.11.2013

Макал-лакаптар фольклордук чыгарма экендиги талашсыз. Ошол эле мезгилде алар акын, жазуучулар, окумуштуулар, искусствонун өкүлдөрү, ойчулдарда ж.б. кездешет. Бирок бул чөйрөнү атайын кесип кылгандар жокко эсе. Ү.Асаналиев макалдардын дулдулу, учкул сөздөрүн булбулуна айланып калды көрүнөт. Мындай керемет кесипке акын кандай жолдор менен келди? Окурмандын чакан макаласы ушул суроого жооп берүүгө аракеттенет. 
№ 24 / 2013 | Просмотров: 288 | Загрузок: 171 | Добавил: vika | Дата: 19.11.2013

Форма входа
 
Поиск в Корпоративном Репозитории Авторефератов Диссертаций
 
Поиск по каталогу
 
Ссылки

EBSCO Information Services Service Selection Page

Статистика


Научная библиотека ИГУ © 2007-2015
www.karakol.com.kg