24.04.2018-жылы котормочулар тобунун атынан Ибрахим Түркхан К.Тыныстанов атындагы Ысык Көл мамлекеттик университетинин Илимий китепканасына түрк тилине толугу менен которулган “Манас” I, II, III томдон турган китебин белекке берди. Бул китеп – 2017-жылы 150 жылдыгы кеңири белгиленип жаткан атактуу акын Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун түрк тилине толугу менен которулган биринчи басылышы. Ибрахим Түркхан "Алыкулдун изи менен" аттуу ырлар жыйнагын да Илимий китепканага белекке берди. |